Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарына даярдык көрүшүүдө (фото)

19-26-февраль аралыгында Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өтө турган Кышкы Азия оюндарына кыргыз хоккейчилери Бишкекте машыгууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясы билдирет.

Улуттук курамга жалпы 23 оюнчу чакырылган. Анда 2 дарбазачы, 9 коргоочу жана 12 чабуулчу бар. Маалым болгондой, машыгуулар 10-февралга чейин созулат.

Кыргыз өлкөсүнүн командасы Кышкы Азия оюндарынын алкагында “В” тайпасында Бахрейн, Кувейт, Филиппин аралдары жана Катар мамлекети менен күч сынашат.

Хоккей боюнча улуттук курам: Эсен уулу Аман, Урмат Шейшеналиев, Канат Абылмечин уулу, Дуулат Абышев, Атай Исмаилов, Залкар Салмоорбек уулу, Адилет Жоокаев, Төлөгөн Жолдошбек уулу, Саламат Тыналиев, Таалай Сүйүнбаев, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Адилет Кызабек уулу, Айбек Шакиров, Артём Семилетко, Олег Колодий, Владимир Ничупуренко, Даниил Шушенков, Нуржан Ибраимов, Антон Кудашев, Павел Сазонов, Элзар Болотбеков, Ринат Мустафаев.

Машыктыруучулар: Анвар Оморканов, Бакыт Иманалиев, Муратбек Жакыпов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Askarchik91
2017-02-02 14:06:45
Алга Кыргызстан!!!
0
Ali-91
2017-02-02 23:34:17
АЛЛАХ колдосун,алга Кыргыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан