Бишкекте 5-кабаттан боюн таштап каза болгон окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте 5-кабаттан боюн таштап каза болгон окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"Окуяны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтеп жатышат. Окуучунун өлүмү боюнча "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" жана "өзүн өлтүрүүгө түрткү берүү" беренелери менен кылмыш иши козголду", - дейт Казабаев.

Кечээ, 1-февраль күнү саат 05:00 чамасында Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы №13/2-үйүндө 8-класстын окуучусу 5-кабаттан боюн таштап каза болгон. Анын өз өмүрүнө кол салуусуна социалдык тармактардагы "Синий кит" оюну себеп болгону айтылууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы баланын өз өмүрүнө кол салуусуна дал ошол интернеттеги кооптуу оюн себеп болгонун айта элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Umarbalapanym
2017-02-02 13:07:32
Башка сайттарда 4 кабат деп журот го
0
admin_portal
2017-02-02 14:10:48
Umarbalapanym, маалымат такталган.
0
KgEka
2017-02-02 13:18:32
Ошондо кимге кылмыш иши козголду.
-1
aibars
2017-02-02 13:42:26
Ошондой сайттарды Кыргызстан колдоно алгыз кылып Блокировкалап салбайсынарбы.
+5
optimistka
2017-02-02 13:49:14
Инстаграмды кантип блокировка кылат эле, ата-эне оз баласын козомолдосо эле, мындай оюндардын ойнолушуна жол берилбейт болчу... мен бугун эле 99-жылкы кошуна баланын ойногонун кордум. кантип токтотушту билбей жатам.
+8
Bubu88
2017-02-02 14:22:47
optimistka, токтот колунан келишинче аракет кылып урушпай алдап ата энесине билдир
+3
Aramisa
2017-02-03 09:33:21
optimistka,телефонун алып сындырып салыныз.
0
optimistka
2017-02-02 13:54:56
Кантип аныктай албай жатышкандыгына тан калдым. Хештегде айтып тургандай #разбудименяв4:20 саат 5 тер чамасында ал бала терезеден боюн таштаган.. менимче бул жерде баары ачык эле корунуп жаткандай... Балага 4:20 да буйрук берген, а ал буйрукту аткарам деп оз жанын кыйды..
+7
arzygulR
2017-02-02 14:21:51
optimistka,
Менда ошентип ойлойм
+1
Bubu88
2017-02-02 14:21:25
Ушуну эртерээк алдын алсанар болот беле түштөн кийин буту күйгөн тооктой болуп чуркабай
+4
Arsenal2
2017-02-02 16:04:31
Озун олуп калсан женишке жеткендин пайдасы кайсы.ким ойлоп тапты экен менимче жащоосуна нааразы болгон бироо ойлоп чыгарды го
+2
Asan123
2017-02-02 16:56:57
Кимди куноолоп кимди сотко берет ?
Ата-энесинен сурап коргуло бул жерде оюн тема болсо жаш бала жон эле олгон болуп калат
Так малымат жок игра деген ким ойлоп чыгарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан