Филиппин өлкөсүнүн борбору Манила шаарында завод өрттөнүп, 100гө чукул адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда тилсиз жоодон улам заводдун 3 жумушчусу дайынсыз болууда. Кырсыктын кесепетинен 100гө жакын адам жабыркап, алардын 10у оор абалда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, заводдогу өрттүн келип чыгуусуна жылуулук сактоочу материалдарды чыгарган жабдуулардын ысып кетиши себеп болгон.