Чүй облусунда маңзат сатуу жана ташуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган К.У. январь айынын ортосунда оперативдүү маалыматтардын негизинде кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда жалпы салмагы 1 килограмм 975 граммды түзгөн гашиш табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда ишти Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү иликтеп жатат.