ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: Колумбиялык ырчы Шакира 40 жашка толду

Мындан 40 жыл мурун, 1977-жылы ырчы, бийчи Шакира Риполль Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберактын улуту - араб, кесиби - жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шакира апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, үч жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми төрт жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштаган. Бардык жергиликтүү бий сынактарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылып, ырдап да чыга баштаган.

Таланты ташкындаган секелек кыз 13 жашында "Sony Music" компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жө­нүндө келишим түзгөн. Ошол эле жы­лы анын “Магия” аттуу биринчи альбому жарык көргөн. Аябагандай ийгиликтүү болгон альбому жаш кызды бүткүл Колумбияга тааныткан. 2000-жылы Шакира Америкага көчүп келген. 10 миллиондогон дисктери сатылып, миллиондогон элдин оозуна алынганы менен, Шакираны чыныгы жылдыз кылып тааныткан альбому 2001-жылы жарык көргөн. Ал “Кир жуучу жайдын тейлөөсү” ("Laundry Service") аттуу альбому эле. Бул альбомдун ичиндеги тогуз ыры англис, төрт ыры испан тилинде жазылган. Альбомдогу “Качандыр бир” ("Whenever, whenever") аттуу ыры өзгөчө мыкты аткарылып, ырчыны дүйнөгө тааныткан. Ырга жарашыктуу клип дагы тартылган. Бул клипте Шакира өзүнүн бийлөө талантын жакшы көрсөтө алган. Бул ыры дүйнө жүзүндөгү 1-орундагы хит болуп аталган.
Шакира 2010-жылдан баштап испаниялык футболчу Жерар Пике менен мамиле кура баштаган. 2013-жылы 22-январда уулдуу болуп атын Милан Пике Мебарак койгон. Экинчи уулун 2015-жылы 29-январда төрөп, Саша деген ат койгон.
2-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dybala.
2017-02-02 15:53:57
Ошондо Пикеден 10 жаш чон экен да Шакира
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан