"Тамашоу" долбоорундагы "Моника Беллуччи" командасынын капитаны, "тамашоучу" Бакыт Осмонкановдун бүгүн туулган күнү. "30 жашка чыгып калыптырмын. Кандайдыр бир өзгөрүү деле болгон жок. Акыркы 2-3 жылдан бери үй-бүлөм менен өткөрүп келе жатам. Бул жолу да үйдө белгилейм", - дейт ал.
"Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккандан кийин "Моника Беллуччи" командасын түзүшкөн. Бакыт Осмонканов телеалпаруучу катары да таанылып, жаштарга арналган көңүл ачуучу программаларды алып барган. Мындан сырткары тасмаларга сценарий жазып, өзү актёр катары тартылып жүрөт. "Напарниктер" тасмасына режиссёрлук кылган. 2013-жылы Жылдыз аттуу кызга үйлөнүп, 2014-жылы Нурсултан аттуу уулдуу болушкан.
2-февралга карата жылнаама.