Футбол боюнча Испания курама командасынын жана каталондук “Барселона” футболдук клубунун коргоочусу Жерар Пике Барселона (Испания) шаарында туулган. “Барселонанын” футболдук академиясынын тарбиялануучусу. 2004-жылы каталондук клубдун академиясын бүтүп-бүтпөй англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун курамына кошулган. Англиялык клубдун курамында 2008-жылы Англия чемпиондугун, кубогун жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алган.
“Барселонанын” башкы командасын 2008-жылы кайтып келип, 4 ирет Испаниянын чемпиону (2009, 2010, 2011, 2013), 2 ирет УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кубокторун уткан. Испания курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда, 2008, 2012-жылдары Европа чемпиондугунда жеңүүчү аталган.
2010-жылдан баштап колумбиялык ырчы Шакира менен мамиле кура баштаган. 2013-жылы 22-январда Милан аттуу уулдуу болушкан. 2015-жылы 29-январда экинчи уулу Саша төрөлгөн.
2-февралга карата жылнаама.