15-январда башталып, Габондо 31-ирет өтүп жаткан Африка Кубогунун финалчылары аныкталды. ФИФАнын расмий сайты билдиргендей, Египет менен Камерун эми 6-февралда жеңүүчүнү аныктайт.
Маалым болгондой, биринчи жарым финалда Египет Буркина-Фасону пенальти сериясында жеңип чыкса, экинчи жарым финалдык оюнда Камерун Гананы 2:0 эсебинде утуп алган.
Эске салсак, быйылкы кара континенттин биринчилигине жалпы 16 команда катышты. Жеңүүчү команда 4 миллион евро менен сыйланып, жайында Орусияда өтө турган Конфедерация Кубогуна жолдомо алат.