"Оскар-2017" сыйлык тапшыруу аземи жакындап, анын уюштуруучулары көрүүчүлөрдү кандай кызыктар күтүп жатканы тууралуу кээ бир маалыматтарды таратып жактан кези. Аземдин продюсерлери бул жылы сыйлыктарды кесиптештерине Леонардо Ди Каприо, Бри Ларсон, Алисия Викандер жана Марк Райлэнс тапшырарын билдиришти.
Төртөө тең өткөн жылы "Мыкты актёр", "Мыкты актриса" номинациялары боюнча сыйлык алышкан.
2017-жылы "Оскар" сыйлыгынын 89-сыйлык тапшыруу аземи 26-февралда "Долби" театрында өтөт. 25-январда бул сыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланган.