1-февралда Бишкек шаарынын 46 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына бейбаштык жөнүндө маалымдап, арыз менен кайрылган.
Арызында 1-февралда болжол менен саат 18:40та үйүнүн жанында токтоп турган Хонда Одиссей унаасынын терезесин Назира аттуу кошунасы себепсиз талкалап салганын жазган.
"Арыз боюнча Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери кылмыш болгон жерге барып, 43 жаштагы А.Н. аттуу шектүүнү кармашкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.