Бүгүн, 3-февралда ырчы Самат Дөөлөтбаков 33 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн достору жана туугандарынын курчоосунда белгилөөнү пландап жатканын билдирди.
"33 жыл мурун ушул күнү саат 8:20да төрөлүптүрмүн. Бүгүн саат 00:00дө үй-бүлөм торттун үстүнө шамдарды жагышып, жылуу сөздөрүн арнашты. Өздүк майрамымды кечинде досторум, туугандарым менен чогуу белгилейин деп жатабыз. Туулган күнүм келген сайын апамды куттуктайм. Мурда бул күнгө аябай маани берип өткөрчү элем. Убакыттын өтүшү менен өзүмдүн майрамыма көп деле көңүл бурбай калдым", - деди ал.
С.Дөөлөтбаков 1984-жылы 3-февралда Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 7-классынан тарта Токмоктогу Кыргыз-Түрк лицейинде билим алып, аны бүтүргөн соң 2001-жылы Бишкектеги Эл аралык университетке тапшырып, ошол кездеги эл аралык компьютер тармактары факультетин, андан соң ушул эле окуу жайдын эл аралык бизнес бөлүмүн бүтүргөн. Ырчы катары "Жалгызым", "Айдай сулуу" аттуу ырлары менен элге таанылган.
3-февралга карата жылнаама.