Бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Сюрприз" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Адилет Акматов. Анда башкы каармандар бай Гапардын жана жөнөкөй жигит Жапардын ролдорун актёр Азиз Мурадиллаев жана "тамашоучу" Эмил Эсеналиев ойногон. Эмил Эсеналиев тасманын ийгилигинин сыры сценарийинде жана тартуучу топтун ынтымактуу иштегенинде болгонун айтат.
"Өлкөдөгү күчтүү актёрлордун бири Азиз Мурадиллаев "Сюрприз" тасмасынын көркүн ачкан десем болот. Ал киши менен бирге ойноо мен үчүн сыймык болду. Ал эми таасирдүү, элге жаккан чыгарма болгонунун сыры - сценарий кызыктуу жазылган, тарткан топ ынтымактуу, күчтүү болгон деп айта алам".
Ошондой эле тасмада орусиялык ТНТ телеканалынын "Универ", "Счастливы вместе", "Дружба народов" жана башка комедиялык сериалдарында тартылган Ашот Кещян МАИчинин ролун ойногон.
"Ашот биздин өлкөгө жумуштары менен келип, биздин тасмага тартылып калган. Канча гонорар алганын билбейм, аны продюсер чечкен", - деп сөзүн жыйынтыктады Э.Эсеналиев.
"Сюрприз" тасмасын бул жерден көрүңүз.