Бүгүн, 3-февралда ырчы Султан Садыралиев 31 жашка толду. Ал үчүн өздүк майрамы катардагы күн экенин айтып, ар бир күндү майрам катары кабыл аларын SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда үйдөмүн. Биринчи болуп туулган күнүм менен үй-бүлөм куттуктады. Өздүк майрамымды белгилөөгө маани бербейм. Катардагы күндөй эле өтөт", - деди ал.
Белгилей кетсек, ырчы 1986-жылы 3-февралда жарык дүйнөгө келген. Замир Арыкбаев менен биргеликте аткарган "Кудача кыз" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган. Элдин сүймөнчүгүнө жагымдуу үнү, маңыздуу ырлары менен татыган Султан Садыралиев 2009-жылы Маданият министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наамга ээ болуп, төш белги тагынган. Ал эми "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты ырчы мырзасы" деп табылып, ырчынын "Эгиз жүрөк" аттуу ырына тартылган клип "2011-жылдын супер клиби" наамына арзыган.
3-февралга карата жылнаама.