МЕДИА-ПОРТАЛ: Омардын "Аруу кыялдар" клибин тартуу учурунда кичинекей балдар бири-бирин жакшы көрүп калышкан

Белгилүү ырчы Омардын "Аруу кыялдар" деген клибине кичинекей, мотурайган балдар тартылган. Ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева бөбөктөр менен иштешүү кызыктуу болгонун, эмоциялуу учурлар көп болгонун айтты:

"Ырдын аты "Аруу кыялдар" деп айтып турбайбы, андыктан жүрөгү, кыялдары таза деп клипке жаш балдарды тартуу идеясын Омар сунуштаган. Тартуу иштери кызыктуу, эмоциялар менен коштолгон эле. Албетте, кыйынчылыктары да болду, себеби жаш балдардын кээ бири ыйлап, эркелеп жатышты. Съёмка бүткөндөн кийин түгөйлөрдүн образын жараткандар бири-бирин чындап жакшы көрүп калышкан. Ата-энелеринин айтымында, үйлөрүнө баргандан кийин бир каарман улам апасынан "Эртең Каролина келеби?" деп улам атын айтып, күткөн учурлары болуптур. Мурунку клиптерди кыска убакытта тартып бүтсөк, бул клипти бир айга жакын убакытта бүткөнбүз".

Ошондой эле клипте чыныгы жашоону унутуп, интернетте "жашап калгандар" жаш балдардын образы аркылуу көрсөтүлөрүн ырчынын менеджери кошумчалады.

Омардын "Аруу кыялдар" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Timati1984
2017-02-03 21:16:59
Охоооо
0
Kuban99.kg
2017-02-03 21:34:11
Фууу жакпады
+1
kenjebek_a
2017-02-03 21:46:29
Эми соз деп эле...Бир жолу балан ырчынын итинин же мышыгынын клип тартып жатканда ичи отуп кетти деп жазбаганынар калды.
+3
Seiil.94
2017-02-04 01:53:04
Тынар Курбаналиев айткандай ушул чычымдар тойгозушту го.карап турсан ушул ырчыларчы э бир ырым эле.тообо!
+1
Telman89
2017-02-04 01:54:16
Ой бой деги жакшы соз,жакшы ой жазган Адам барбы бул жашоодо,оо жарыктык!Бут эле правильный!
-2
Izdeim_seni.
2017-02-04 10:06:49
Омар не обижайся,но у тебя нету таланта,одни амбиции
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан