Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Кинематография департаментинде 2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылына карата тарбия берүүчү социалдык роликтерди тартуу боюнча тегерек стол өтүп жатат. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, режиссёрлор Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана башка маданият тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Алгач башка өлкөлөрдө тартылган, тарбиялык мааниге ээ видеотүрмөктөр көрсөтүлүп, талкууга алынды. "Учурда биздин өлкөдө эле эмес, бүткүл дүйнөдө адамдарды жакшылыкка үндөгөн кыска метраждуу тасмаларга муктаждык жаралууда. Андыктан бул жаатта бир топ жумуштар жаралуусу шарт. Киночулар, силерден өтүнүч, коомду тарбиялаган, дем берген тасмаларды тарткыла, мүмкүн, сынак жарыялайсыңар", - деген сунушун айтты министр.