Бишкекте тургунга бычак сайган жаран кармалды

Бишкекте тургунга бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-февраль күнү милиция кызматкерлерине 28 жаштагы Ж.Н. аттуу Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 11:30 чамасында “Дордой” базарындагы күркөлөрдүн биринен белгисиз адам эч себепсиз бычак менен сайганы айтылган. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Б.М. кармалган. Учурда ал Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kairat.96
2017-02-03 21:55:43
Жондон жон эле? Эми чыгат экенда э тамашалап сайгам деп.
-1
Kroxa
2017-02-04 00:17:22
Болушу мумкун эмес,, же сайган киши оорукчан болушу мумкун...жондон жон эч себепсиз кишини бычыктабай го...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан