ЖЫЛНААМА, 3-ФЕВРАЛЬ: Абидин Темиров туулган күнүндө чыгармачылыгы менен алектенүүдө

Бүгүн, 3-февралда Абидин Темиров 49 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, жумуштарына байланыштуу өздүк майрамын башка күнү белгилей тургандыгын билдирди.

"Биз туулган күнүбүздү бир жылда бир келет деп күтүп, ошол күндү гана өзүбүз үчүн майрам кылат эмеспизби. Ар бир күндү майрамдай кылып өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Бүгүн чыгармачылыкка байланыштуу иштерим менен алекмин. Өздүк майрамымды белгилөөнү башка күнгө жылдырам", - деди.

Ырчы, обончу А.Темиров 1968-жылы 3-февралда Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрөлгөн. Мектеп жашынан баштап ырчылыкка аралашып, мааниси маңыздуу, обону жанга жагымдуу ырлары менен жалпы журтка таанылган.

3-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан