ЖЫЛНААМА, 3-ФЕВРАЛЬ: Кыргыз күүсүн чет жерде даңазалаган пианист Азамат Сыдыков 31 жашка толду

АКШда жашап жаткан пианист, музыкант Азамат Сыдыков 1986-жылы 3-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1993-2000-жылдары Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, 2000-2004-жылдары Москвадагы борбордук музыкалык мектепте, 2004-2009-жылдары Пётр Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда (бакалавр), 2009-2012-жылдары ошол эле консерваторияда (аспирантура) билим алган. 2011-2013-жылдары АКШнын Нью-Йорк шаарындагы атактуу "Mannes School of Music" консерваториясында тажрыйба топтоп, 2013-2015-жылдары ошол окуу жайда (аспирантура) билимин уланткан. 2009-жылы А.Сыдыков "Дүйнөнүн мыкты пианисти" деп табылган. 2016-жылы январь айында АКШнын Нью-Йорк шаарында пианинодо белгилүү комузчу Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн аткарып, америкалыктарды таң калтырган. Музыка аткарылып бүткөндөн кийин пианинону тегеректеп тургандар жапырт кол чаап, кубатташкан.

3-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан