Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Кинематография департаментинде 2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылына карата тарбия берүүчү социалдык роликтерди тартуу боюнча тегерек стол өтүп, бир топ маселелер талкууга алынды. Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубат киночулар бекер иштеп жатышканын билдирди.
"Негизи, киночулар бекер эле иштеп жүрүшөт. Андыктан калыстык, ийкемдүүлүк болуусу үчүн роликтерди тартууда мамлекет каржылык жактан колдоо көрсөтсүн. Өзүбүз тарталы деген студиялар тарта беришсин", - дейт режиссёр.
Министр Түгөлбай Казаков ар бир эмгекти өкмөт үчүн эмес, эл үчүн иштеп чыгуу керектигин, коомду тарбияга чакырган роликтердин сценарийи боюнча сынак өткөрүү зарылдыгын айтты.
"Кичинекей идеяны чоӊ кылбай, чоӊ идеяны чакан, бирок таасирдүү бергенге аракет кылсаӊар. Эмгегиӊерди өкмөт үчүн эмес, эл үчүн жасагыла. Бир роликтин ар бир мүнөтү канча сом болорун эсептеп чыккыла. Ошого жараша каражатты карап чыгалы", - деди министр өз сөзүндө.
Тегерек столго режиссёрлор Темир Бирназаров, Рысбек Жабиров, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана башка маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.