Бишкекте көп кабаттуу курулуштан жумушчу кулап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бүгүн, 3-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык саат 19:00 чамасында Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Куруучуну "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Тактоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин өздүк булак 12-кабаттан окуучу кулап кеткенин кабарлаган.