Бүгүн, 4-февралда Ош-Кызыл-Жар унаа жолунда кар көчкү жүрүп, Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
"4 аскер УАЗ унаасы менен Кызыл-Жар айылына Ош шаарынан бара жаткан. Терек-Чаты жергесинде унааны кар көчкү басып калган. Аскерлер жолду кардан тазалай башташканда, күтүүсүздөн экинчи ирет кар көчкү түшкөн. Анын астында 1992-жылкы сержант А. уулу Н. калып каза болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бүгүн болжол менен саат 05:30да кырсык болгон жерге барган чек арачылар жана Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкерлери аскердин сөөгүн табышканы маалым болду.