Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кубогу үчүн өтө турган эл аралык мелдешке аттанат. Мелдеш 9-майдан 13-майга чейин Астана шаарындагы “Астана-Арена” стадионунда орун алмакчы. Анда “А” тобунда Грузия, Иран, Азербайжан, Казакстан командалары оюн көрсөтмөкчү. Ал эми “В” тобунда Кыргызстан, Казакстан, Кытай жана Литванын улуттук курама командалары беттешет. Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан 18 футболчу жана башкы машыктыруучулар Марат Израилов менен Владимир Сало барат.