ЖЫЛНААМА, 4-ФЕВРАЛЬ: Мындан 84 жыл мурун "Жди меня" телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Игорь Кваша төрөлгөн

Мындан 84 жыл мурун, 1933-жылы 4-февралда советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша Москвада туулган. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду тапкан, издешкендерди кезиктирген Орусиянын "1-каналындагы" "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып бара баштаган. 2007-жылы анын "Кайтаруу чекити" аттуу мемуар-китеби чыккан.

Игорь Кваша 2012-жылдын 30-август күнү саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп каза тапкан.

4-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AIZAD
2017-02-04 14:28:37
Ыйманы саламат болсун!!!
+1
bond02
2017-02-07 09:50:44
AIZAD,Оруска да ошентип ыйман айтылабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан