АКШнын Миссури штатында окуучулар арасында Дональд Трамптын буйругунан улам уруш чыкты. Бул тууралуу жеригиликтүү KMOV телеканалы кабарлайт.
"Уруш мектеп автобусунда орун алган. Өспүрүмдөр Дональд Трамптын Мексиканын чек арасына салдыра турчу дубалы тууралуу талаша кетишкен. Жыйынтыгында президенттин урааны жазылган баш кийим кийген өспүрүмдү бир нече жолу чаап салышкан", - деп айтылат маалыматта.