2-февралдан 5-февралга чейин Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш орун алды. Быйылкы жылдагы аталган мелдеш 40-ирет өткөрүлдү. Медалдар үчүн Кытай, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Украина жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары күрөшүштү. Жалпы спортчулардын саны 100дөн ашты.
Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2013-жылдын Азия чемпиону Азат Усеналиев, "Рио-2016" Олимпиадасынын катышуучусу Эркин Адылбек уулу жана башка 50гө жакын мушкерлер чыгышты.
49 килограмм салмак ченинде:
Финалда Мирлан Түркбай уулу (Кыргыз Республикасы) Рахманкул Аватовду (Кыргыз Республикасы) жеңип алды.
52 кг:
2013-жылкы Азия чемпиону, тажрыйбалуу Азат Усеналиев (Кыргыз Республикасы) Турат Осмоновдон (Кыргыз Республикасы) мыкты болду.
56 кг:
Сирожиддин Абдуллаев (Кыргыз Республикасы) Мирбек Шеровду (КР) утуп алды.
60 кг:
Өмүрбек Малабеков (КР) Эржан Тургунбековду (КР) жеңди.
64 кг:
Нурбек Кобашев (КР) Абдураим Маметиден (Кытай) мыкты болду.
69 кг:
Маметтурсун Ерсун-Чон (Кытай) Эрмек Сакеновду (КР) утуп алды.
75 кг:
Козимбек Мардонов (Өзбекстан) Ильяз Акматалиевди (КР) жеңди.
81 кг:
Мурат Байгазиев (КР) Эркин Адылбек уулун (КР) утуп алды.
91 кг:
Сардор Ермухамедов (Өзбекстан) Сергей Паренкодон (Кыргыз өлкөсү) мыкты болду.
91 кг жогору:
Рустамжан Исмоилов (Өзбекстан) - Абдусамет Абулит (Кытай) беттешинде кытайлык спортчу алтын медаль тагынды.