Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда "Тамашоунун" 9-сезонунун 1/4 чейрек финалы орун алды. Анда жалпысынан 13 команда: "Универсал", "Ала-Тоо", "Ассорти", "НКБ", "National", "Ошингтон", "Бугу", "Ацтек", "МК шоу", "Кыргыз style", "Мисс шоу", "Келечек", "Восток", "Stud life", "Кара-Балта" командалары жарым финалга өтүү үчүн ат салышышты. Ал эми калыстар тобунун катарында SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, режиссёр Рысбек Жабиров, ырчы Урмат Усенов, кармаш урушу боюнча Дүйнө чемпиону Бакыт Кадыров, "KG Group" компаниясынын директору Имамидин Ташев болду.
Командалар оюн учурунда Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан урунттуу окуяларды, саясаттагы көрүнүштөрдү тамаша аркылуу көрсөтүп жатышты.
"МКБ" командасы:
- Биз ушунчалык өзгөчөбүз, бизди баары жакшы көрөт.
- Биринчиликке умтулбасаңар баары жакшы көрөт да.
- Ушунчалык өзгөчөбүз, биздин тамашаны эч жерден таппайсыңар.
- Эфирден кесип салса, таппайсың да.
"МК шоу" командасы:
"- Жарым финалга өтүү үчүн жыландын жанында турууга даярмын.
- Мына жылан.
- А мен жарым финалга өтүү үчүн бегемоттун жанында турууга даярмын", - деп кыздар бири-бирин көрсөтүшөт.
"Мисс шоу" командасындагы кыздардын сүйлөшүүсүнөн:
- Жигиттер Лексус айдаган кызды көрсө, бир бай алып берди деп ойлошот. Мүмкүн, ал кыз маңдай тери менен тапкандыр.
- Негизи, жигиттер бар го, майрам күнү жок болуп кетишет. Бирин да таппайсың. Мындайча айтканда, "исчез, группу покинул" болушат.
"National" командасы:
Сөгүнүп түрмөгө түшүп калгандар:
- Э, брат, сен бул жакка кантип келип калдың?
- Сүйлөшүп жатып шилекейим чачырап кетиптир.
- А сенчи?
- Просто мен баткендик болом.
Оюндун соңунда калыстар 27-ноябрда өткөн "Тамашоунун" 9-сезонунун 1/8 чейрек финалындагы оюнду эске алуу менен чечим чыгарышты. Эки оюндагы упайлардын жыйынтыгында алдынкы үчтүккө "Бугу", "Stud life", "Ошингтон" курама командалары кирди.