Кадамжай районунда 8-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуучу баланын жансыз денеси кечээ, 5-февраль күнү талаадан табылган. Анын Көк-Талаа айылынын тургуну жана К.Саттаров орто мектебинин окуучусу экени аныкталган. Учурда аталган факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.