Ооганстанда жааган кардан жана кар көчкүдөн каза болгондордун саны артууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, калың кардан улам Ооганстандын борбору Кабулда кеңселер жабылып, эл аралык аба каттамдары токтотулган. Ошондой эле турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учурап, жол кырсыктарынын саны өскөн. Нуристан провинциясынын Пакистан менен чектешкен жеринде жүргөн кар көчкүдөн 59 адам каза болгон. Ал эми Бадахшан провинциясындагы кар көчкү 19 адамдын өмүрүн алып кеткен.
Буга чейин Ооганстандын түндүгүндөгү алыскы райондордо сууктан 27 баланын каза болгону айтылган эле.