Белгилүү молдовалык ырчы Дан Балан 38 жашка толду. Ал 1979-жылы 6-февралда Молдованын борбору Кишинёвдо туулган. Атасы Михай Балан дипломат, апасы Людмила Балан Молдовада популярдуу телеалпаруучу болгон. Ырчы 3 жашына чейин чоң энесинин колунда, Огеев районунун Требужен айылында жашаган. 11 жашында ага ата-энеси аккордеон белекке берип, ошондон тарта жаш ырчы өзүнүн алгачкы обондорун чыгара баштаган. 3-классынан тартып ыр жазаган. 1994-жылы атасы Молдованын Израилдеги атайын элчиси болуп дайындалып, үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кетишип, 1996-жылы Кишинёвго кайра кайтып келишкен. "Георге Асаки" мектебин аяктап, Молдова мамлекеттик университетинин укук бөлүмүнө тапшырып, бирок музыкага болгон сүйүүсү окуусун таштаганга мажбур кылган.
1997-жылы өзүнүн жеке "Inferialis" деп аталган рок тобун ачкан. Кийин ал тарап кетип, 1999-жылы үч жигиттен турган "O-Zone" тобун түзүп, Балан топтун продюсери катары таанылган. Алардын репертуарындагы ырлардын дээрлик баарын өзү жазып, топ музыкалык чокуну багындыра алган. Кийинчерээк Д.Балан жеке карьера түзүүнү туура көрүп, 2005-жылы топ таркаган.
2005-жылы ырчы жеке карьерасын улантуу максатында Лос-Анжелес шаарына көчүп барат. Ушундан тартып румын тилинде эмес, жалаң англис тилинде ырдаганга өткөн. Ал жакта Данга белгилүү продюсер Жек Жозеф Пуиг колдоо көрсөтөт. 2007-жылы дискотеканын хит ырларына айланган Дан Баландын "Акылдан адашкан" (“Crazy Loop”) ыры жарыкка чыккан. Ал эми "Бомба" ("Chica Bomb") аттуу ыры ырчынын визиттик карточкасына айланган. 2010-жылы Вера Брежнева экөөнүн “Көз жаштын тамчылары” (“Лепестками слёз”) аттуу ыры менен күйөрман кыздардын жүрөгүн багындырган. Вера Брежнева Дан Балан менен Нью-Йорк шаарында “Чоң шаардагы сүйүү” ("Любовь в большом городе") тасмасына тартылып жүргөндө таанышкан. Ырдын клиби Киев шаарында тартылган. Ырчынын мындан тышкары бир нече хит ырлары бар.
Жеке жашоосу
Ырчы чоң сүйүүгө 16 жашында кабылганын айтат. Классташы менен сүйүү мамилесин куруп, бирок ырчы башка шаарларга көчүп барып, туулган жеринде көп болбогондуктан, экөөнүн ортосундагы мамиле үзүлгөн. Орус ырчысы Вера Брежнева менен дуэт аткарганда, эл арасында "экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар" деген сөздөр айтылган. Ал эми Дан Балан бул тууралуу маалыматты четке каккан.