Орусиялык продюсер, композитор Игорь Матвиенко 57 жашка толду. Ал 1960-жылы 6-февралда Москвада аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1980-жылы музыкалык окуу жайды дирижёрлук боюнча бүтүргөн. Ошондон тартып шоу дүйнөгө аралашып, 1989-жылы ырчы Николай Расторгуев жана акын Александр Шаганов менен биргеликте "Любэ" тобун түзгөн. Ошондой эле Игорь Матвиенко көпчүлүккө белгилүү "Иванушки Интернэшнл", "Корни", "Фабрика", "Мобильные блондинки", "КуБа" топторунун түзүүчүсү, СССР убагында таанымал болгон Евгений Белоусов жана Виктория Дайнеко, Ирсон Кудикова сыяктуу ырчылардын продюсери катары таанымал.
И.Матвиенко 4 жолу үй-бүлө курган. Учурда төртүнчү жубайы Анастасия Алексеева менен жашайт. Ортосунда 2 кызы жана 1 уулу бар. Ал эми мурдагы никелеринен Станислав жана Лариса аттуу балдары бар. Кызыгы, продюсер экинчи жубайы менен 24 саат гана жашаган.
6-февралга карата жылнаама.