Мындан 72 жыл мурун, 1945-жылы 6-февралда регги стилиндеги ямайкалык белгилүү музыкант, композитор, ырчы жана гитарачы Боб Марли Найн-Майлс кыштагында төрөлгөн. Бала чагынан музыкага кызыгып, биринчи пластинкасын "Catch a fire" деп атаган. Анын эмгектери поп-музыкадагы жаңы стандарттарды (эч кимдикине окшошпогон стилди, жаңы ритмди) жараткандыгын гезиттер жазып чыгышкан. Аз убакыттын ичинде Б.Марли чыныгы жылдызга айланып, анын ырлары расалык тең укуктуулук үчүн күрөшкөндөрдүн гимнине айланган. 1980-жылы анын белгилүү "Could You Be Loved" ыры камтылган "Uprising" деген акыркы жыйнагы чыккан.
Б.Марли 1981-жылы 11-майда 36 жашында рак илдетинен улам көз жумган. Жыл сайын 6-февралда Ямайка өлкөсүндө Боб Марлинин күнү белгиленет. 2001-жылы ал "Грэмми" сыйлыгына татыктуу болуп, Голливуддагы Даңк аллеясында анын жылдызы пайда болгон. Б.Марлинин "One Love" деген ыры ВВС`нин версиясы боюнча "Кылымдын ыры" аталган. Боб Марли жана жубайы Рита Марлинин ортосунда 4 бала болгон.
6-февралга карата жылнаама.