Кадамжайда окуучунун өлүмүнө шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-февраль күнү саат 11:00 чамасында Көк-Талаа айылындагы талаадан 15 жаштагы Э.Жнын жансыз денеси табылган. Анын бети-башы жанчылып, киши колдуу болгону аныкталган. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 8-класстын окуучусу М.А. кармалган.
Шектүү көрсөтмөсүндө: "3-февраль күнү саат 15:05 чамасында мага Э.Ж. телефон чалып, экөөбүз Көк-Талаа айылында көчөдөн жолуктук. Ал мурда мен алып койгон уюлдук телефонунун флешкасын таап бер деп айтып, кайтарып бербесең сени милицияга беремин деп коркута бергендиктен экөөбүз уруша кеттик. Кийин өзүмдү токтото албай калып таш менен бетине уруп, жанчып салып, арыктагы сууга жаткырып койгом. Ошол түнү мен уктай албай эртеси күнү окуя болгон жерге барып, Э.Жнын үстүнө кургатылган жүгөрүлөрдү жаап кетип калганмын", - деп айткан.
Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.