Орус мушкери Александр Поветкин Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин рейтингинен четтетилди

Оор салмак категориясындагы Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) рейтингинде 1-орунда турган Александр Поветкин аталган рейтингден четтетилди. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "WBC рейтингинин жаңы тизмесинде орус мушкери Александр Поветкин жок" - деп билдирген WBC президенти Маурисио Сулейман.

Эске салсак, 2016-жылдын 17-декабрында WBC чемпиондугу үчүн Александр Поветкин-Бермейн Стиверн беттеши орун алмак. Бирок беттеш алдындагы допинг текшерүүдөн орус мушкеринин организминен тыюу салынган остарин каражаты табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан