Балдарды сергек жашоого үндөө максатында Чоң-Таш айылында 9-февраль күнү "Баары лыжага" деген аталышта спорттук иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган иш-чарага мектеп окуучулары, реабилитациялык борбордун жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышып, күч сынашат. Инструкторлор лыжа тепкенди жана жаракат албоо үчүн туура кулаганды үйрөтүшөт. Мелдештин алгачкы бөлүгүндө командалык жарыштар, эстафета, аркан тартыш, таамай атуу, бука тартыш жана таяк тартыш оюндары өтөт. Жеңүүчүлөргө белектер даярдалган.