Чүй облусунун тургуну "8 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылды" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарына Петровка айылынын тургуну кайрылган. Ал Рыспек аттуу жаран кичинекей кызды муунтууга аракет кылганын айткан.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 42 жаштагы М.Р. кармалган. Белгилүү болгондой, 8 жаштагы кыз короодо ойноп жаткан. Ал кыз үйүнөн акча уурдап жаткан кошунасын көрүп калат. Мас абалында болгон киши кызды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда үйгө кыздын атасы кирип калган. Кармалган жаранга карата "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.