“Алай” командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов жана коргоочу Тимур Султанов жаңы сезондо “Алга” командасында ойношот. Бул тууралуу Футбол Лигасы билдирет.
Эки футболчу менен “Алга” бир жылдык келишим түздү. Белгилей кетсек, экөө тең өткөн жылы “Алай” командасы менен өлкө чемпиону болушкан.
Турсунали Рустамов кезинде “Алга” командасында ойногон. Тимур Султанов Өзбекстандын Жогорку Лигасынын "Шуртан", "Навбахор" жана "Андижан” командаларында ойноп келген.