ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү орусиялык ырчы Анита Цой 46 жашка толду

Теги корей болгон орусиялык ырчы, телеалпаруучу Анита Цой 46 жашка толду. Ал 1971-жылы 7-февралда Москвада төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Анна Сергеевна Ким. Анита деген ат менен ырчылык карьерасын 1997-жылы баштаган. Жолдошу Москва шаарынын мэриясында иштегенине карабастан, эстрададан жылдызы жана электе базарда кийим сатып соода кылган.
Анита Цой поп-рок, R&B жана башка стилдердеги ырчы катары белгилүү. Ал үч ирет "Алтын граммофон", эки жолу "Овация" жана башка бир нече сыйлыктарга ээ болуп, 2003-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына жеткен. Ал "Цирк со звёздами", "Один в один" сыяктуу программаларга катышып, белгилүү телеканалдарда телеалпаруучу болуп иштеп келген.
1990-жылы Сергей Цой аттуу орусиялык саясатчы жана журналистке турмушка чыгып, бир уулдуу болушкан.
7-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан