Бишкек шаарынын жашоочусуна күч колдонуп ири өлчөмдө зер буюмдарын тартып алган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 27 жаштагы Б.И. аттуу тургуну 15-январда белгисиз адамдар тарабынан тонолгонун айтып арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, анын колу-бутун байлап, кымбат баалуу зер буюмдарын, 600 АКШ долларын жана 23 миң сом акчасын алып кетишкен.
"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын 26 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы Д.Х. аттуу тургундары кармалган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.