ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү орусиялык актёр Константин Крюков 32 жашка толду

Белгилүү орусиялык актёр Константин Крюков 32 жашка толду. Ал 1985-жылы 7-февралда Москва шаарында туулган. Апасы белгилүү орусиялык актриса Елена Бондарчук, ошондой эле ал белгилүү советтик режиссёр жана актёр Сергей Бондарчуктун жана белгилүү актриса Ирина Скобцеванын небереси.

Актёрдун бала чагы Швейцарияда өткөн. Чоң атасынын кеңеши менен Цюрихтеги көркөм сүрөт мектебине тапшырып, артыкчылык менен бүтүргөн. Константин Крюков 18 жашынан баштап тасма талаасына аралашып, 2005-жылы "9-рота" тасмасында Жоконданын ролунда дебют жасаган. Кийин "Аптап", "Жаңы жылыңар менен, апалар!" жана башка ондогон тасмаларда роль жараткан.
Жеке жашоосу
Актёр 18 жашында биринчи жубайы Евгения Варшавская менен таанышып, 2007-жылы Юлия аттуу кыздуу болушкан. 2008-жылы экөө ажырашып кеткен. 2013-жылы К.Крюков юрист Алина Алексеевага баш кошкон.

7-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан