Бүгүн, 7-февралда "Кинозал" бөлүмү Нурмат Садыров менен казак ырчысы Төрегали Төреалинин "Кыргыз-казак достугу" аталышындагы концерти менен толукталды. Нурмат Садыровдун айтымында, концерт мыкты маанайда, жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.
"Бул концертке барып ырдаганым эле болбосо, уюштуруучулук иштерине кийлигишкен жокмун. Концертке бир ай даярдандым, жаңы чыгармаларды жаздырып, формаларды тиктирип дегендей. Алгачкы жолу концерт бергенде уюштуруу иштери, административдик маселелер боюнча ары-бери чуркап кыйналган элем. Бул ирет 2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, кыргыз-казак достугун даңазалаган концертти Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана бир нече адамдар колдоого алгандыктан кыйынчылыкты сезген жокмун.
Баары абдан жакшы өттү. Атайын жаздырган "Кыргызстан" аттуу жаңы чыгармамды ырдап чыктым. Күйөрмандар жакшы кабыл алышты. Концертке менин жеке концертимди күткөн күйөрмандарым, Төрегалинин чыгармачылыгын сыйлагандар келишип, чер жазып кетишти", - дейт ырчы.
"Кыргыз-казак достугу" концертин бул жерден көрүңүз.