29-апрелде Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан “Бристоль” ишканасынын кампасынан өрт чыкты. Тилсиз жоодон кампанын 200 метр чарчы чатыры жана ичиндеги эмеректер күйгөн. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян алып келген факты катталган жок. Ал эми өлкө ичинде өткөн суткада 4 өрт кырсыгы катталды.