Борбордогу "Цзи Сян" кафесинин тонолушу боюнча кылмыш иши ачылды

Бишкек шаарындагы "Цзи Сян" кафесинин тонолушу боюнча Биринчи Май райондук тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-пункту (каракчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кылмыш кылгандардын өздүгүн тактоо боюнча чаралар көрүлүп, ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кафенин администрациясы тарабынан тоногондорго чара көрүү арызы түшкөн", - деп билдиришти.

Маалыматка ылайык, кафеге кирген бет капчан 4 адам ок чыгарган. Курал бытыра октуу мылтык экени болжолдонууда. Окуя болгон жерди эксперттер изилдеп, видеобайкоочудан алынган маалыматтар да дыкаттык менен изилденип жатканын кошумчалашкан ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
briliant87
2017-02-07 14:28:00
Кылмыш иши козголду десенер,ачылды дебей.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан