Өзбекстандын Ташкент шаарында жайгашкан кыргыздардын "Манас" арт-ресторанынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда социалдык тармактагы колдонуучулар кырсыктын сүрөттөрүн баракчаларына жайгаштыруу менен билдиришти.
Фейсбуктун колдонуучусунун айтымында, өрт чыгардан мурун ресторанда жарылуунун үнү угулган. Сүрөттөрдөн өрттүн коңшу имаратка өтүп кеткенин көрүүгө болот. Ошондой эле ресторанга барчу жол жабылып, имараттын аймагына "Тез жардам" кызматынын унаалары гана киргизилип жатканы маалым болду.
"Манас" рестораны - кыргыздардын улуттук тамак-аштарын камтыган, кыргызча жасалгаланган Ташкенттеги жалгыз арт-ресторан.