2016-жылы 27-28-ноябрь күндөрү "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагында 3-орунду багындырган "Тумар" бийчилер тобу өткөн жумада кезектеги сынакка барып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен. Тагыраагы, алар Американын Нью-Йорк шаарындагы дүйнөдөгү абройлуу делген "Америка таланттарды издейт" сынагынын тандоо туруна катышышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.
"Расмий маалымат боюнча, Нью-Йорк шаарында 8 миллион адам жашайт экен, бирок 15 миллионго жакын адам жашайт деп жатышты. Абдан чоң, кооз шаар экен. Биз барган сынак дүйнөдөгү эң абройлуу сынак, андыктан ар кайсы өлкөдөн мыкты таланттар келишиптир. Катышуучулар көп болуп, ар бирине 1,5 мүнөттөн эле берилип жатты. Жыйынтыгы февраль айынын акырында чыгат.
Бизди ал жакта мекендештерибиз абдан жакшы тосуп алышты. Тамак-аш, жатакана менен камсыз кылып, сынак бүткүчө колдоп турушту", - деп сөзүн жыйынтыктады Э.Кадыров.