Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиаданы Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары медалдарга жетпей жыйынтыкташты. Белгилей кетсек, өлкөбүздүн атынан 10 спортчу катышмак. Бирок алардын катарынан сноубордчу Евгений Кузьмин мелдештерге катышкан эмес.
Кыргыз спортчуларынан эң мыкты көрсөткүчкө жеткен сноубордчу Тимур Губаев болду. Ал мелдеште чейрек финалга чейин барып, 34 катышуучунун арасынан 16-орунга жазылды.
Кыргыз спортчуларынын жыйынтыктары:
Лыжа жарышы:
Кундуз Абдыкадырова
Жекелик жарыш, 5 чакырым - 62-орун
Кубалап жарышуу, 5 чакырым - 62-орун
Спринт - 54-орун
Аралаш эстафета - жеңүүчүдөн бир айлампа артта калган
Тариэл Жаркымбаев
Жекелик жарыш, 10 чакырым - 87-орун
Кубалап жарышуу, 10 чакырым - 81-орун
Спринт - 62-орун
Аралаш эстафета - жеңүүчүдөн бир айлампа артта калган
Муз үстүндө бийлөө:
Кристина Бедросова кыска программада 30-орун. Квалификациядан өтө алган эмес.
Биатлон:
Николай Матвеев
Жекелик жарыш, 20 чакырым - 47-орун
Спринт, 10 чакырым - 47-орун
Кубалап жарышуу, 12,5 чакырым - жеңүүчүдөн бир айлампа артта калган.
Сноубординг:
Тимур Губаев
Сноуборд-кросс - 16-орун
Алексей Вакурин
Сноуборд-кросс - 19-орун
Павел Вакурин
Сноуборд-кросс - 26-орун
Тоо-лыжа спорту:
Максим Гордеев
Гигант слалому - марага жеткен эмес
Слалом - марага жеткен эмес
Евгений Тимофеев
Супергигант - 41-орун
Комбинация (супергигант жана слалом биргеликте):
Супергигант - 44-орун
Слалом - стартка чыккан эмес
Гигант слалому - 53-орун
Слалом - марага жеткен эмес
Эске салсак, 29-январдан 8-февралга чейинки аралыкта Алматы шаарында (Казакстан) Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада оюндары өтүүдө. Мелдешке 50дөн ашык мамлекеттен 2 миңден ашык спортчулар катышып жатышат. 28-ирет уюштурулуп жаткан мелдештин программасына 12 спорт түрү кирген.