Анжелина Жоли балдары үчүн Брэд Питтен айына 100 миң доллар алимент алууну көздөп жатканын айткан. Анын эсеби боюнча 6 баланы багууга ага айына 100 миң доллар жетиштүү болот. Бул тууралуу "Телеграф" басылмасы жазып чыкты.
Мындан сырткары алименттин төрттөн бир бөлүгү балдардын кийинки билим алуусу үчүн атайын эсепке которулуп турмакчы. Жыл сайын ар бир бала үчүн 250 миң доллар которулуп турушу керектигин да айткан актриса. Бул акча эсептеги көрсөткүч 5 миллионго жетмейин которулушун талап кылган Жоли. Анын талаптарын уккан Питт аларды кабыл албасын билдирген.
Булактардын маалыматы боюнча, Брэд Питт анын балдарынын акчасын Анжелина Жоли кармашын каалабасын айткан. Ал балдарды чогуу багууга аракет кылып жаткандыктан, эч кандай алимент тууралуу сөз болбой турганын да белгилеген.
Батыш ЖМКларынын маалыматына караганда, Анжелина Жоли Питт менен жашап жүргөндө эле дагы бир баланы асырап алууну ойлонгон, бирок Брэд Питт буга каршы чыккан. Экөөнүн урушу да ушундан улам чыкканы божомолдонууда.
"Эми экөөнүн ажырашуу процесси жүрүп жаткан кезде Анжелина Питтке өзү чечим чыгара аларын далилдегиси келгенсип тургандай. Питт дагы бир бала Анжелинага балдары менен мамиле түзүүгө тоскоолдук кылат деп ойлоорун, аларга энесинин убактысы азыр да жетишпейт экенин айткан", - деп жазышат басылмалар.