Бүгүн, 7-февралда актёр жана ди-джей Камчыбек Сарыбаев 39 жашка толду. Актёрду өздүк майрамы менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, учурда туулган күнүн белгилөөгө даярдык көрүп жатканын билдирди.
"Кечинде өкүл балдарым менен бирге майрамдайбыз. Негизи, туулган күнүмдү шаан-шөкөт менен өткөргүм келбейт. Эгер балдарымдын туулган күнү болсо, анда аны жакшы кылып белгилөөгө аракет жасайм", - деди ал.
К.Сарыбаев 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, ошол эле убакта "Кыргызстан Обондору" радиосуна ди-джей болуп кирген. Андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим Аяз ата" жана башка тасмаларда роль жараткан. Эскерте кетсек, Камчы Сарыбаев 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын алган.
7-февралга карата жылнаама.