Бүгүн, 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында жергиликтүү “Балкан” командасы менен бишкектик “Дордой” командасы жооптук беттеш өткөрдү. Анда “Дордой” түркмөнстандык “Балканды” 2:1 эсебинде утуп, АФК Кубогунун кийинки баскычына өттү.
Эске салсак, аталган эки команданын биринчи оюну 31-январда Ош шаарында 1:1 эсеби менен аяктаган.
Балканабад шаарында өткөн оюндагы алгачкы голдун автору “дордойчу” Алишер Азизов, кийинкиники Авазбек Откеев болду. Эми “Дордой” АФК Кубогунун дагы бир тандап алуу баскычында
"Шахин Асмаи"-"Хосилот" беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Бул беттеште жеңүүчү аталса, тайпалык оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.