Леди Гаганын "учуп" ырдаган видеосу 2 күндө 12 миллиондон ашуун кароого ээ болду

Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Леди Гаганын Супербоулдун финалындагы 15 мүнөттүк номери укмуштуудай болгондуктан, күйөрмандарга чоң сүйүнүч тартуулаган. Ал эми 300дөй дрондун катышуусу менен тартылган видео 2 күн аралыгында 12 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болуп, интернетте хитке айланды.

Унутулгус көз ирмем тартуулоо үчүн ырчы 300дөн ашуун квадрокоптер колдонгон. Алгач Гага импровизацияланган көк тиреген имараттын чокусунда ырдап баштайт. Ал ырдап жатканда жүздөгөн дрондордун жарыгы берилип турган. Мындан сырткары ырчы сахнада бир нече акробаттык трюктарды аткарып, анын "учканы" номеринин туу чокусу болгон.

Леди Гаганын кийими менен макияжы ар дайымкыдай өзгөчөлөнгөн. Бул ирет ал хит болгон "Poker Face" жана "Bad Romance" ырларын аткарган.

Супербоул - АКШда Улуттук футбол лигасынын чемпиондугунда өтүүчү финалдык оюн.

Lady Gaga's FULL Pepsi Zero Sugar Super Bowl LI Halftime Show
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nur_zhoni
2017-02-07 18:58:54
Соонун
0
abusait
2017-02-07 18:59:49
Кылбаганы ушул эле калды эле. Бирок озгочолонуптур.
-1
bond02
2017-02-07 19:13:06
Эми муну туурайм деп бир ырчынын бир жери сынат.
+4
AKCHA
2017-02-08 12:42:40
bond02,)))) хе хе хе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан