Мындан 89 жыл мурун, 1928-жылы 8-февралда легендарлуу "Жаздын он жетинчи ирмеми" тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан атактуу советтик актёр Вячеслав Тихонов Москвада төрөлгөн. Балалыгы Экинчи дүйнөлүк согуш маалына туш келген. Бош убактысында достору менен кинотеатрга барып кино көрүүнү өзгөчө жактырган. Чапаев менен Александр Невский сүйүктүү каармандары болгон. Ата-энеси баласын болочокто мыкты инженер болсо деп самаса, ал жүрөгүнүн түпкүрүндө актёр болууну кыялданган. Буга ата-энеси каршы болорун билип, бул туурасында эч кимге айткан эмес. 1945-жылы жашыруун түрдө Сергей Герасимов атындагы Кинематография университетине тапшырып, сынактан өтпөй калган. Сыртка чыгып алып өксүп ыйлап жатканда, бир профессор анын үнүн угуп, таланты бар бала экенин дароо эле байкайт. Ошентип, сынакка кирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берип, келечегине жол ачкан.
В.Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. Студент кезинде алгач "Жаш гвардия" аттуу тасмага тартылып, бирок бул тасма ийгилик жарата алган эмес. Табият тартуулаган келбет аны кино дүйнөсүнө аралаштырып, мыкты актёр болуусуна чоң өбөлгө болгон. "Жаздын 17-ирмеми" аттуу сериал болочок актёр үчүн атактуулук менен бирге ийгиликтин туу чокусун алып келген. Ошол кезде сериалды бир гана Тихонов үчүн көргөн айымдардын саны чексиз болгон. Аталган сериалда Тихонов чалгынчы Исаев-Штирлицтин ролун жеткиликтүү ойной алгандыгы үчүн "СССРдин Эл артисти" деген сыйлыкка ээ болгон. Жакындары жана жоро-жолдоштору үчүн Вячеслав ысымы өчүп, Штирлиц деген жаңы атка конгон.
Жеке жашоосу
Тихонов курсташы, актриса Нонна Мордюковага үйлөнүп, 1950-жылы экөө Владимир аттуу уулдуу болушкан. 13 жыл бирге өмүр сүргөн соң ажырашууга туура келет. Буга Ноннанын ала жипти аттаганы себеп болгон дешет. Экинчи ирет француз тилинен сабак берип мугалим болуп иштеген Тамара деген айымга тагдырын байлап, экөө 1969-жылы Анна аттуу кыздуу болушкан.
В.Тихонов 2009-жылы 4-декабрда 81 жаш курагында каза болгон.
8-февралга карата жылнаама.